Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 38 адам жугузуп, 2 адам каза тапты

Кыска кабар | 2 Янв 2022 | 281 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб акыркы суткага карата 38 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталганын маалымдады.

Алардын 32си Бишкек шаарынан, төртөө Ош шаарынан, экөө Жалал-Абад облусунан катталган.

Ошол эле учурда бир суткада 32 адам илдетти жеңип чыкса, 2 адам ушул оорудан көз жумган.

Учурда 267 бейтап ооруканаларда, 326 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 184 миң 786 адам коронавируска чалдыккан. Алардын 179 миң 903ү сакайып, 2 миң 804ү каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM