Connect with us

Быйыл Кыргызстанга ири державалардын жетекчилери иш сапар менен келет

Кыска кабар | 1 Янв 2022 | 1624 | 0

Быйыл Кыргызстанга дүйнөлүк державалардын жетекчилери иш сапары менен келери күтүлүүдө. Бул маалымат президент Садыр Жапаровдун жаңы жылга карата куттуктоосунда айтылды.

Өлкө башчы быйыл Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине төрагалык кыларын, бул өтө олуттуу жоопкерчилик экенин баса белгиледи. Анын алкагында экономиканы көтөрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлор мерчемделип жатканын айтты.

«Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан эл аралык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен дипломатиялык байланыштарды чыңдап, көп тараптуу алака жүргүздү. Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр жана жакын коңшулар, БУУ, ЕАЭБ, КМШ, ШКУ, Түрк мамлекеттер уюму менен кызматташууну активдүү жүргүзүп, эл аралык мамилелердин жаңы баскычына көтөрүлдү. Жаңы жылда дүйнөлүк державалардын жетекчилери Кыргызстанга расмий иш сапары менен келери күтүлүүдө. Бул да биздин өлкөбүзгө болгон эл аралык ишенимдин белгиси», — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары 2022-жылы Тоо саммити өткөрүлөрүн да жар салды.

Айта кетсек, 2021-жылдын 1-2-ноябрында Глазго шаарында өткөн Бириккен Уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылды тоолор жылы деп жарыялоо сунушун берген. Бул демилге тараптардын колдоосун таап, ошол эле жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы «2022-жыл — Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM