Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан 2022-жылды «Адамдын кадырын көтөрүү жылы» деп жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2022 | 573 | 0

Өзбекстанда 2022-жыл «Адамдын кадырын көтөрүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланды. Бул жарлык президент Шавкат Мирзиёевдин жаңы жылга карата куттуктоосунда айтылды. 

Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө өлкөдө жашаган ар бир жарандын укугун, эркиндигин, мыйзамда көрсөтүлгөн кызыкчылыктарын коргоо аркылуу адамдын кадыры көтөрүлөрүн, буга аймактарды өнүктүрүү зор таяныч болорун белгиледи.

«Адамдын кадырын көтөрүү өлкөдө жашаган ар бир жарандын укугун жана эркиндигин, мыйзамда көрсөтүлгөн кызыкчылыктарын коргоо дегендик. Бул жаатта коомду түптөгөн аймактар негизги ролду ойнойт. Аймактар бейпил болсо, өлкө бейпил болот; аймактар өнүксө, мамлекет өнүгөт. Андыктан мындан ары ар бир аймакта натыйжалуу иш алып баруу биздин ишибиздин негизги өзөгүнө айланат. Баа жеткис байлыгыбыз болгон тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого артыкчылык беребиз», — деди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле ал 2022-жылы экономиканы жана ишкердик тармакты өнүктүрүүгө басым жасаларын айтты. Мунун алкагында калктын кирешесин жогорулатуу, айлык акы, пенсия, жөлөк пул, стипендияларды көтөрүү иштери уланатарын, социалдык тармакка, анын ичинде саламаттыкты сактоо менен билим берүүгө өзгөчө көңүл буруларын, заманбап турак жай курууга, «Жаңы Өзбекстан массивдерин» түзүүгө артыкчылык берилерин билдирди.

Айта кетсек, Өзбекстанда 2021-жыл «Жаштарды колдоо жана калктын саламаттыгын чыңдоо жылы» деп жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM