№30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбековго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Акбөкөн Таштанбековду УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде камакка алган. Бирок соттун күнөөлүү деп тапкан чечими жоктугуна байланыштуу БШК 15-декабрдагы отурумунда аны депутат кылып каттаган.
Акбөкөн Таштанбеков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганча эки айга камалган. Буга байланыштуу ал депутаттардын ант берүү салтанатына келе алган эмес.
Айта кетсек, 2021-жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына партиялык тизме менен келген 54 депутат, бир мандаттуу округдан шайланган 33 депутат парламент трибунасында ант берип, кызматтык милдеттерин аткарууга расмий киришти.
№27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округунда «баарына каршы» астыга чыгып, депутат шайланбай калган. Бул округдарда 27-февралда кайра шайлоо өтөт.