Өзбекстан Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстан парламентинин маалымат кызматы билдирди.
Танзила Нарбаева куттуктоо катында өзбек-кыргыз алакасы өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыш эки элдин кызыкчылыгына ылайык бекемделерине, эки тараптуу келишимдер ишке ашырыларына ишенимин билдирген.
Ошондой эле Талант Мамытовду Өзбекстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырып, ишине ийгилик, жетишкендиктерди каалаган.
2021-жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ант берип, өз милдеттерин аткарууга расмий киришкен. Жыйындын алгачкы күнүндө төрага шайлоо өтүп, ага «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаров, «Ынтымак» фракциясынан Талант Мамытов талапкер болгон. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 63 добуш алган Талант Мамытов төрага болуп шайланган.