Биз менен байланышыңыз

1-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 282 | 0

1-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6;

Бишкекте 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус жылуу.

Copyright © 2017 Maral FM