Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылдык дасторкон үчүн маанилүү беш кеңеш

Блог , Ден соолук | 30 Дек 2022 | 9066 | 0

Жаңы жылдык дасторконду даярдоодо эмнелерге маани берүү керек? Майрамдык маанайдан сырткары ден соолук үчүн да туура кам көрүү маанилүү. Мындан улам «Марал» радиосунун «Мединфо» программасында жаңы жылдык дасторкон кандай жасалышы керектиги тууралуу талкуудан алынган маалыматтарды сиздерге сунуштайбыз:

1. Жеңил тамактарга басым жасаңыз

Бул күнү эң башкысы, жегиликтүү, даамдуу, сиңимдүү, ден соолукка пайдалуу тамактарды маалы менен алмаштырып тургудай аз-аздан койгонубуз туура. Мүмкүн болушунча тамактын жеңил түрлөрүн жасаганга аракет кылыңыздар. Чындыгында, тамактын бардык эле түрү жаңы жылда желе бербейт.

2. Ысык тамак менен таттууну аралаштырбаңыз

Көп желе турганын гана коюңуз. Айрымдарыбыз ысык тамак менен таттууну аралаштырып коюп алабыз, бул нерсе ден соолукка зыянын тийгизбей койбойт. Чындыгында, кыямдын бардык түрү эле желе бербейт, ошондуктан көп түрүн жаңы жылдык столго коюу сунушталбайт.

Кошумчалай кетчү нерсе, жылкы эти, кой майынын ордун башка азыктар менен алмаштырууңуз абзел, себеби организмге сиңүүсү абдан жай. Мисалы, жашылча көп кошулган тамак-ашты көбүрөөк жасаңыз.

3. Үй шартында консервацияланган азыктарды абайлап колдонуңуз

Кышкыга атайын даярдалып жасалган үй шартында консервацияланган бадыраң, компот ж.б. нерселерди коюу көп сунушталбайт. Анткени көп убакыт сакталып тургандыктан бузулуп калуу ыктымалы бар. Ошол эле учурда ботулизмге кабылуудан этият болгон оң.

Анын ордуна кургатылган жемиштерден (как) кайнатылып жасалган суусундуктар ден соолукка пайдалуу, ары тамак сиңиртүүсү жакшы деп эсептешет эксперттер.

4. Оливье салаты тууралуу

Бул майрамда кожейкелердин оливье салатын жасап көнүп калганы баарыбызга эле маалым. Салттуу да тамактын түрүнө айланды. Бирок оливьенин курамында күчтүү азыктар көп. Алсак, буурчак, жүгөрү, картошка, колбаса, майонез, жумуртка. Булардын сиңимдүүлүгү өтө жай болот. Кожейкелерге кеңеш катары колдон келишинче жеңил гана салаттарды жасоо сунушталат. Мисалы, микс, айсберг салаттары жалаң жашылча-жемиштерден турат.

 5. Бат сиңүүчү тамактар

Дымдалып бышырылган балык же болбосо тоок эти жана жашылчалар сунушталат, анткени башка азыктарга салыштырмалуу бат сиңет. Ошондой эле тамак сиңирүүгө үй шартында лимон менен көк чай чоң жардам берет.

Даярдаган: Майрам Алиева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM