Биз менен байланышыңыз

Кытай Тажикстанга металлургиялык завод салат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2021 | 354 | 0

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Зарафшон» кытай-тажик компаниясын салыктан бошотуу боюнча өкмөттүн сунушун колдоп бергенин жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Өкмөттүн мындай чечимге келишине компаниянын Тажикстандын аймагына алтын менен жезди кайра иштетүүчү завод салуу ниети себеп болгон.

Эки тараптуу келишимде тажик бийлиги заводду салууга 117 млн доллар, тагыраагы, 30% инвестиция салса, калган 70% чыгымын Кытай тарап көтөрөрү каралган. Курулуш 2023-жылы аяктап, ишке кириши керек. Демилгечи тарап ишкана жылына 165 миң тонна алтын жана жез концентратын иштетип чыгарарын болжолдошот.

Айта кетсек, завод салына турган Пенжикент аймагынын тургундары «экология бузулат» деген жүйө менен каршылык көрсөтүп келишкен. Мындан улам депутаттар компанияны экологиялык ченем-талаптарды болушунча так сактоого чакырышты.

«Зарафшон» компаниясынын 25% үлүшү Тажикстанга таандык болсо, 75% үлүшү Кытайдын Zijin Mining Group Co.Ltd компаниясына тиешелүү. Тажикстанда тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн ондогон Кытай компаниясы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM