Connect with us

Чубак ажынын жаркын элесине арналган китеп окуу сынагы жарыяланды

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 1377 | 1

Маркум аалым Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Аалымдардан алтын мурас» республикалык китеп окуу сынагы жарыяланды. Бул тууралуу «Маралга» уюштуруучулар кабарлашты.

IQRA долбоорунун алкагында уюштурулган сынакка төмөнкү китептер коюлду:

1. Имам Газали. «Ихяу Улумид-дин»

2. Чубак ажы Жалилов. «Бактылуулук формуласы-1», «Бактылуулук формуласы-2»

3. Алмамбет Осмон уулу. «Основы Ислама»

Байге фонду 600 миң сомду түзгөн сынакка катышууну каалагандар 2022-жылдын 10-мартына чейин www.iqra.kg сайтына катталууга тийиш. Окурмандардын жаш курагына, жынысына же башкасына чектөө коюлбайт.

Сынак 2022-жылдын 20-мартында онлайн да, офлайн да тартипте өткөрүлөт. Айта кете турган жагдай, дүйнөнүн кайсы жеринен болсо да, катыша алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошол эле учурда китеп кайсы тилде болсо, сынактык тест да ошол тилде жүргүзүлөт.

Кенен маалыматты IQRA долбоору Телеграм-каналына катталып жана (0774) 10-05-67 номерине чалып биле аласыз.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM