Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер ККМ аппаратын колдонуу менен 33 миң сомун үнөмдөп калат

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 233 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ККМ аппараттарын колдонуу артыкчылыктарын жөнөкөйлөтүп түшүндүргөн маалымат таратты.

Анда айтылгандай, 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга ылайык, ККМ колдонуу милдеттүү болгон. Бул күндөн баштап, фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү милдети жок көзөмөл-кассалык машинанын эски моделдери колдонулбайт.

Ошондой эле Салык кызматы сентябрь айынан бери ККМдин жаңы моделдерин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырып жатканын эскертип, анын алкагында ишкерлерге көзөмөл-кассалык машиналар акысыз берилип, тейлөө акысыз жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Салык кызматы билдиргендей, накталай эсеп жүргүзүүдө ККМ колдонгон тараптарга жеңилдиктер берилет. Алсак, жылдык товар жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкер салык төлөөдөн бошотулат.

Ошол эле учурда мамлекет аймагында ККМдин эки: аппараттык жана программалык модели колдонулат. Тагыраагы, аппараттык ККМ дисплейи бар кадимки кассалык аппарат, ал эми программалык ККМ компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын түзүү, жөнөтүү функциясы бар программалык продукт же тиркеме.

Ишкер ККМ-аппаратын колдонуу аркылуу 33 миң сом үнөмдөп калат. Айталы, базарда соода кылган ишкер ай сайын 3 миң сомго патент, 807 сомго камсыздандыруу полисин алса, жылдык чыгымы 45 миң 684 сомду түзөт.

Ал эми ишкер программалык ККМди тандаса, аны Google Play Marketтен бекер жүктөп алып, смартфонго, планшетке же ноутбукка орнотуп, чек чыгара баштайт. Мындай аппаратты жыл сайын тейлөөгө кеткен чыгым болжол менен 3 миң сомду түзөт. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт, анын суммасы жылына 9684 сомду түзөт. Жыл ичиндеги чыгашалардын жалпы суммасы 12 миң 684 сомдон ашпайт.

Муну менен катар ККМ менен иштөөнүн артыкчылыктарына салык төлөөчүлөр үчүн сезилерлик жеңилдиктер, ачык-айкын фискалдык система, жагымдуу атаандаштык чөйрө, салыктык көзөмөлдүн ар кандай түрлөрүн кыскартуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кирери айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM