Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда «Хизб-ут Тахрирдин» эки өкүлү кармалды

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 170 | 0

Жалал-Абадда «Хизб-ут Тахрир» уюмунун лидерлери катары эсептелген эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы атайын «Нелегал-2021» профилактикалык операциясын жүргүзгөн. Анын алкагында экстремисттик уюмдун Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган тургуну «Солдат» каймана аты менен таанымал Д.А. кармалган. Мындан тышкары уюмдун Сузак районундагы лидери, 1954-жылы туулган И.И. колго түшкөн.

Кармалган адамдар өздөрү жашаган аймакка «Хизб-ут Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтуу үчүн диний окууларды уюштурган, социалдык тармактарда фейк-аккаунттарды ачып, уюмдун атрибуттарын, аудио, видео материалдарын таратып жүрүшкөн.

Айтылган фактылар боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM