Биз менен байланышыңыз

OCCRP: Беларусь президенти Лукашенко «жылдын коррупционери» аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 292 | 0

Уюшкан кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү уюму (OCCRP) Беларусь президенти Александр Лукашенкону «2021-жылдын башкы коррупционери» атады.

Уюм өкүлдөрү Лукашенкону «Европанын эң соңку диктатору» атап, уюшкан кылмышты колдогон адам катары тааныган. Коррупциялык иштерди иликтеген алты журналист жана комиссия мүчөлөрү берген добуштардын негизинде 1167 талапкердин ичинен башкы орунга Беларусь президенти чыккан.

Уюмдун бир добуштан мындай чечимге келүүсүнө жеткирген жагдайлар бир баштан саналып өткөн. Алардын катарында Лукашенконун айланасындагы адамдарды, олигархтарды мамлекеттик казынадан колдоого алуу, коронавирус пандемиясынан айыккандар боюнча жасалма, жалган маалымат таратуу, авиация боюнча эл аралык эрежелерди бузуу менен оппозициячыл журналист Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапега түшкөн Ryanair учагын мажбурлап кондуруу, миңдеген мигранттарды Беларусь аркылуу Польшага өтүүгө азгырып, Евробиримдикке чек ара кризисин жаратуу жагдайлары бар.

Ошондой эле уюм Лукашенкону Кремлдин (Орусия) көмөгү менен 1993-жылдан бери бийликке жармашып, шайлоо жыйынтыгын каалагандай бурмалап, нааразы тарапты ур-соккуга алууда деп айыптаган.

Коррупционерлердин тизмесине Лукашенкодон тышкары Ооганстандын мурдагы президенти Мохаммад Ашраф Гани, Сириянын президенти Башар Асад, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Австриянын канцлери Себастьян Курц кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM