Биз менен байланышыңыз

«Жылдын эң маанилүү окуясы «Талибан» кыймылынын бийликке келиши болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2021 | 875 | 0

Быйылкы жылдын эң маанилүү окуясы АКШнын Ооганстандан аскерлерин алып кетип, бийликке «Талибан» кыймылынын келиши болду. Мындай пикирин эксперт Евгений Каблуков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал үстүбүздөгү жылы эл аралык планда маанилүү окуялар көп болгонун белгилеп, анын ичинен Ооганстан менен Иранга токтолду.

«Жылды жыйынтыктап айта турган болсок. эл аралык жашоону астын-үстүн кылган окуя — бул америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетиши, бийликке «Талибан» кыймылынын келиши болду. Азыр бардык дүйнөлүк окуялар ушул маселенин үстүндө айланып жатат. Дагы бир ушул сыяктуу окуя — Иранда ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканы. Ооба, бул сүйлөшүү аябай оор өтүп жатат, бирок баары жакшы аяктайт деп үмүттөнүп туралы», — дейт эксперт.

Ал эми быйылкы жылдагы Кыргызстанда болгон маанилүү окуялар катары ноябрда Бишкекте биринчи жолу «Борбор Азия — Европалык кеңеш» Экономикалык форуму болуп өткөнүн белгиледи. Бул биздин республиканын жашоосундагы маанилүү окуя болду. Кыргызстан бул форумдун туруктуу иштеп турган Катчылыгы Бишкекте жайгашсын деген сунушту берди. Андан тышкары быйыл Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын сунушу менен 2022-жылды «Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM