Биз менен байланышыңыз

Сокулуктагы 18 гектар айдоо жер «калктуу конушка» айланат

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 689 | 0

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караштуу №484 контурдун (Ак-Ордо конушу) 18 гектар айдоо жери «калктуу конуштун жери» категориясына которулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Төрага Акылбек Жапаров кол койгон бул буйруктун максаты ошол аймактагы тургундарга социалдык мекемелерди салып берүү болуп саналат.

Кабминдин маалымат кызматы билдиргендей, 24-ноябрда Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү айтылган жер боюнча № НА-05-1115 корутундусун чыгарып берген.

Буйрук ушул корутундунун негизинде, Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер тилкесин которуу жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесине таянуу менен чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM