Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштанды челектер жер астына түшүрүлөт

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 201 | 0

Бишкек шаарында таштанды челектерди жер астына түшүрүү боюнча долбоорду Украинанын «Диасон» компаниясы жүзөгө ашыра турган болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Компания орното турган 3 таштандыны жер астына чогултуу системасынын ар биринде 4 челек болот.

Заманбап технологиянын аркасында шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшү жакшырарын маалымдады мэрия.

Андан тышкары мунун аркасы менен шаар ичи тазаланып, иретке келерин, чириген тамак-аш калдыктарынын жыты жоголорун айтышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM