Биз менен байланышыңыз

Германия Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин негизинде радиоспектакль даярдады

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 484 | 0

Германиянын «MDR Kultur» («Mitteldeutscher Rundfunk») радиосу дүйнөлүк жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары!» («Гʏлсарат») повестинин негизинде эки бөлүктүү радиоспектакль даярдап, эфирге алып чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Хайхе Таух режиссёрлук кылган радиоспектаклде белгилүү немис актёрлору үн коштогон.

«MDR Kultur» программасынын атайын чыгарылышында Кыргыз-немис маданий коомунун өкүлү Махабат Садырбек жана германиялык актёр Феликс Гезер менен чыгарма тууралуу пикир алышуу болду.

Бүгүнкү күндө Чынгыз Айтматовдун чыгармалары немис тилдүү окурмандар арасында да популярдуу болуп келет. Ошондой эле улуу жазуучунун бардык чыгармаларын Германиянын китеп дүкөндөрүнөн сатып алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM