Биз менен байланышыңыз

Берлинде карантинге каршы акция өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 344 | 0

25-октябрь, жекшемби күнү коронавирус пандемиясына байланыштуу Германияга киргизилген чектөө чараларына каршы болгондор Берлиндин «Александр» аскердик аянтына чогулду. Демонстрация башталганга чейин аянтта эки миңдей адам болгонун жергиликтүү полиция билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары чектелген аралыкты сактабай, беткабы жок чыккандыктан жергиликтүү күч түзүмдөрү акция өткөрүүгө тыюу салышты. Бирок алар полициянын тарап кетүү чакырыгына көңүл бурушкан жок.

Демонстранттар: «Биз бул жердебиз. Алар бизди эркиндигибизден ажыраткандыгы үчүн ызы-чуу салып жатабыз!» — дешип, «Биз элбиз» деген ураан менен барабан кагып, ышкырып, кыйкырып турушкан. Элдин арасында жаш балдар, карылар болгон.

Мындан тышкары Берлиндин Бранденбург дарбазасынын жана Тиргартен паркындагы Жеңиш мамычасынын айланасында да бир нече нааразылык митинги болуп өттү. Демонстранттардын арасында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо саммитине каршы чыккан «Керденкен» демилгесинин («Адаттан тыш ойчулдар» — ред.) мүчөлөрү да болгон.

25-октябрда башталган саясатчылардын жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эл аралык жолугушуусу алгач Берлиндин Космос жыйындар залында өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу ал онлайн форматта өтө турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM