Биз менен байланышыңыз

Ошто беш окуучуга президенттин белеги тапшырылды

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 206 | 0

Ош шаарындагы 5 окуучуга президенттин белеги тапшырылды. Бул тууралуу мэрияын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы мектептерде билим алган 5 окуучу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атына жаңы жылдык белек сурап кат жазган. Алардын үчөө смартфон алууну кааласа, эки окуучу энциклопедия берүүсүн сураган. Президент өспүрүмдөрдүн каалоосун орундатып, белегин жөнөттү.

27-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов окуучулар менен жолугуп, президенттин белегин тапшырды. Ажонун атынан келген белектер менен бирге таттуулар да берилди. Шаар башчысы алардын келечекке болгон максаттарын угуп, окууларына ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM