Connect with us

Гемодиализ аппараттарына байланыштуу кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 441 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы «Гемодиализге муктаж бейтаптар биримдиги» коомдук бирикмесинин арызынын негизинде текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Анын негизинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун айрым адамдары «жасалма бөйрөк» (гемодиализ) кызматын көрсөткөн жеке менчик медициналык борборлорду мыйзамсыз каржылап турушканы аныкталган.

Менчик медборборлор бейтаптардын ден соолугуна, өмүрүнө кооптуу, сапаты тастыкталбаган аппараттарды өлчөмүнөн ашыкча орнотуп алышкан. Ошондой эле айтылган фонддун Бишкек аймактык башкармалыгы менен жең ичинен сүйлөшүп, уруксат кагазы жок аппараттар менен бейтаптарды кабыл алып келишкен. Мунун натыйжасында кабыл алган пациенттердин санын ашыкча көрсөтүшүп, республикалык бюджеттен мыйзамсыз каржыланып турушкан.

Айтылган фактылар боюнча прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду.

Булак: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM