Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөл «Женго» үй камагына чыкпай калды

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 584 | 0

Ош облустук соту «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Маалыматка караганда, Кадыр Досоновдун кылмыш ишин иликтөө аягына чыкты. 2021-жылдын 17-декабрында сотко чейинки өндүрүш башталганга чейин айыпталуучунун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаев айыпталуучуну үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Арыз 23-декабрда канааттандырылган.

Жазык кодексинин 166-беренесинин талаптарына ылайык, айыпкер Кадыр Досоновго карата 2022-жылдын 15-февралына чейин үй камагына чыгаруу баш коргоо чарасы тандалган.

Бирок бүгүн белгилүү болгондой, Башкы прокуратура Досоновду камакта калтыруу боюнча сотко жаңы арыз берген. Жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын пикиринде, УКМК аны атайын чыгарбай жатат.

Кримтөбөл «Женго» жер тилкесин мыйзамсыз басып алган жана кылмыштуу кирешелерди адалдаган деп айыпталган. 2021-жылдын февраль айында ал өзү УКМКга келгенин, андан кийин камакка алынганы айтылган. Адвокат Назгүл Сүйүнбаева Кадырбек Досонов катуу сабалганын билдирип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM