Биз менен байланышыңыз

Футзал: Кыргызстан менен Грузия 2:2 эсебинде тең чыкты

Кыска кабар , Спорт | 23 Дек 2021 | 701 | 0

Кыргызстан жана Грузиянын футзал боюнча улуттук курамаларынын ортосунда өткөн жолдоштук беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Жолдоштук беттеш Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өттү. Кыргызстандын голун Нурсултан Абдылдаев менен Азат Исабеков киргизди.

Айта кетсек, курама командалар 21-декабрда да беттешип, 2:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктаган.

Кыргызстан курамасы беттешти 2022-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына, Грузия курамасы 2022-жылдын 19-январында Нидерландыда баштала турган футзал боюнча Европа чемпионатына даярдык катары өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM