Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 253 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты.

Долбоор туруктуу транспорттук инфраструктураны, дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын сакталышын, ошондой эле сапаттуу, коопсуз жана арзан турак-жайга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздайт, калктуу пункттарды комплекстүү жана туруктуу пландаштырууга жана аны башкаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана экологиялык жактан туруктуу урбанизация масштабын кеңейтет.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Ош облусунун Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дайрасындагы горизонталдык өзү агуучу суу алуучу галереянын долбоору менен таанышты, анын курулушу Ош шаарынын тургундарын толугу менен таза суу менен камсыз кылат.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси артычылыктуу саналат жана аны жакын арада чечүү керек, ошондой эле зарыл болгон учурда кошумча каржылоо бөлүнөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Жапаров Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү транспорт тыгындары көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү «Т» түрдүү жол долбоору менен жеринде таанышты.

Акылбек Жапаров билдиргендей, сунушталган долбоор ишке ашырыла баштаган учурда автоунаалардын саны бир топ жогору болорун эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу зарыл.

Белгилесек, эки долбоор тең Ош шаарын өнүктүрүү боюнча долбоор алкагында иштелип чыккан.

Министрлер кабинетинин башчысы долбоорлорду бекитүүдө так эсептерди жүргүзүү зарылдыгын баса белгилеп, Министрлер кабинети аларды ишке ашырууга колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM