Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесинде сүйлөп жатып айтты.
2021-жылдын 9-декабрында Министрлер кабинетинин алдындагы комиссиянын отурумунда Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып, колдоого алынган.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү болгон.
21-декабрда Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.