Бишкек шаарынын аймагында 10-16-декабрь күндөрү жол эрежесин бузууга байланыштуу 4 миң 740 факты катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Анын ичинен:
— мас абалында унаа башкаруу боюнча — 79;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо боюнча — 23;
— айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу боюнча — 57;
— жасалма номер менен автоунаа айдоо боюнча -3;
— жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер — 103;
— башка жол эрежелерин бузуулар боюнча — 4 миң 475 учур катталды.
Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 284 автоунаа убактылуу айып жайына токтотулду.