Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга «Байрактар» учуучу аппараттары алып келинди (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 2945 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты.

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды. Алар өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM