Биз менен байланышыңыз

Быйыл наристелерге эң көп Мухаммад жана Салиха ысымдары коюлган

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 458 | 0

2021-жылы жаңы төрөлгөн эркек балдарга Махаммад жана кыз балага Салиха деген ат эң көп коюлду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөн эркек балдардын арасында Умар, Али, Амир, Билал, Алихан, Алинур, Нурислам, Эмир, Усман, ал эми кыздар арасында Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия, Арууке деген аттар эң көп коюлган.

Белгилей кетсек, 4537 ата-эне өзүнүн жаңы төрөлгөн баласына Мухаммад деп, 4132 ата-эне Умар деген ат койгон. Ал эми жаңы төрөлгөн 3107 кызга Салиха, 2864 кызга Раяна деген ысым берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM