Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент баштаган команда футбол ойнойт

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 429 | 0

Президент Садыр Жапаров баштаган команда бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышат.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Турнирдин максаты, өлкөдө спортту жайылтуу, сергек жашоо образына үндөө болуп эсептелет.

Беттештерге Президенттин администрациясынын, ата мекендик футбол ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир 13:45те башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM