Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы 11 айда 41 млрд сом чогултту

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 261 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылдын 11 айынын жыйынтыгында 41,4 миллиард сом чогултту. Бул тууралуу маалымат жыйында Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кабарлады.

Бажы кызматына быйыл 48,4 млрд сом бюджетке түшүрүшү керек болсо, мекеме планды 92,9%га аткарды.

«COVID-19 инфекциясынын жайылышына жана санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө байланыштуу иш жүзүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү кескин кыскарды. 2021-жылдын ноябрь айында мен жетекчи болдум. Президент жана министрлер кабинетинин башчысы тарабынан Кытайдан келген трафикти көбөйтүү милдети коюлган. Бизге бул буйрукту аткарууга 10 күн берилди», — деди Бажы кызматынын төрагасы.

Мындан тышкары быйыл 11 айда бажылык укук бузуулардын 2 миң 227 фактысы аныкталды. Бул боюнча 2 миң 70 иш козголуп, 95 млн сом айып өндүрүлгөн.

Ошондой эле 132,4 млн сом бажы төлөмдөр алынган. Бажы кылмыштары боюнча 57 материал каралып, 93,9 млн сом зыяндын орду толтурулган. Бюджетке кошумча 235 млн сом түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM