Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга 1,5 млн доза вакцина берди

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 299 | 0

Кытай Кыргызстанга COVID-19 каршы 1,5 млн доза Sinopharm вакцинасын гуманитардык жардам катары берди.

Вакцинаны тосуп алуу учурунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылып, эмделүүгө чакырды.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы omicron штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт. Тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», — деди Байсалов.

15-декабрда АКШ өкмөтү да Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 49 миң 140 дозасын берди. Вакцина COVAX программасынын алкагында берилген. Жүктү аэропорттон АКШнын Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Соната Коултер, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тосуп алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM