Биз менен байланышыңыз

COVID-19: «Омикрон» штаммынан бир адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 471 | 0

Коронавирус илдетинин жаңы штаммы делген «омикрон» вирусунан Улуу Британияда бир адам каза тапты. Британ маалымат каражаттары бул тууралуу премьер-министр Борис Жонсондун өзү кабарлаганын жазышты.

«Омикрон» вирусуна чалдыккандар ооруканаларда дарыланууда, тилекке каршы, алгачкы өлүм катталды», — деген Жонсон Sky News телеканалына берген маегинде.

Саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавид бүгүн, 13-декабрда эртең мененки брифингде өлкөнүн ооруканаларында omicron жугузганы тастыкталган 10 бейтап бар экенин, каза тапкандар жоктугун билдирген.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму акыркы маалыматында Түштүк Африкада табылган COVID-19дун «омикрон» штаммы 63 өлкөдө аныкталганын, вирус вакциналардын таасирин азайтышы мүмкүн экенин, бирок өлүм каттала электигин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM