Биз менен байланышыңыз

Бир мандаттуу округдан жеңилген талапкерлер коалиция түзүштү

Саясат | 13 Дек 2021 | 1324 | 0

Бүгүн, 13-декабрда бир мандаттуу округдан депутаттыкка коюп, шайлоодо жеңилип калган айрым талапкерлер маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бир мандаттуу округдардын ичинде да бир катар мыйзам бузуулар болгонун, кээ бир округдардын жыйынтыгы ишеним жаратпай турганын белгилешип, кайрадан шайлоо дайындоону Президенттен өтүнүштү.

28-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо жеңилген бир катар округдардын талапкерлери коалиция түзүшкөнүн маалымдашты. Коалиция курамында №27 Биринчи Май округунан талапкер болгон Мавлян Аскарбеков, №2 Баткен округунан талапкер болгон Чынтемир Аширалиев, №19 Токтогул округунан талапкер болгон Болотбек Дүйшөналиев жана №21 Талас округунан талапкер болгон Айбек Бузурманкулов бар.

Коалиция түзүүдөгү негизги максат: шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо дайындоо. Мавлян Аскарбеков мамлекет жетекчилери менен максаты бир экенин белгилеп, бирок туруктуулук үчүн шайлоолор таза өтүшү керек деген ойдо. Ал Президент Садыр Жапаровдон жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин талапкерлерди кабыл алуусун өтүндү.

«Көптөгөн округда болуп өткөн мыйзам бузууларды жеке көзөмөлүнө алуусун, алардын жыйынтыгын жокко чыгаруусун жана жаңы шайлоо белгиленген округдарда шайлоону жаңы тартип менен, сатып алууларга бөгөт коюу менен, админстративдик ресурсту жокко чыгаруу менен, акыйкат жана калыс өткөрүүнү суранмакчыбыз. Кандай мыйзам бузуулар, кандай сатып алуулар болду, мына ошолорду сиздерге жеткирип, сиздердин көзөмөлүңүздөргө коюу жана сунуш киргизүү ниетинде бизди кабыл алууңуздарды өтүнөбүз. Биздин максат сиздердин максат менен бир. Мамлекетибизде стабилдүүлүк, тынчтык болсун. Ал үчүн боло турган шайлоолор калыс өтүшү керек».

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова буга чейин кошумча, кыска маалымат берүүчү таблицада туура эмес формула киргизилгенин, ошон үчүн сайтта маалымат туура эмес көрсөтүлгөнүн билдирген. Бирок бир мандаттуу округдан талапкерлер БШКнын сайтынын үзгүлтүккө учураганынан сырткары добуштарды кол менен саноодо да сандар өзгөрүлүп кеткенин айтат.

№2 Баткен округунан талапкер болгон Чынтемир Ашыралиевдин айтымында, ал 28-ноябрдагы жарыяланган көрсөткүч боюнча өз округунан ишенимдүү жеңип чыккан. Бирок, шайлоонун эртеси 29-ноябрдын түнү кол менен эсептөөнүн натыйжасында добуштар өзгөрүп кеткен. Мындай өзгөрүү талапкердин тарапташтарынын, өзүнүн күмөн саноосун жараткан.

Бул БШКнын сервери 28-ноябрда гана «сбой» болгон жок, булардын серверинде 29-ноябрда да «сбой» болду. Биздин округда өзгөрүү болгонун, 29у күнү «сбой» болгонун ушул жерден СМИ аркылуу билип жатабыз. Түн ичинде кайра өзгөрүү болуп жатат. Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын өзгөрткөнгө жетишип жатышат. Бул жерде кайра «Ашыралиев Чынтемир 6310 добуш, Ражабалиев Нурлан 6556 добуш алды» деп өзгөртүп жатат. Бул менин шайлоочуларымдын да, менин да күмөнүмдү жаратат. Бул БШКнын оюнубу же ошол жерде иштеген кызматкерлердин шалаакылыгыбы? Азыр мен өзүмдүн шайлоочуларымдын үмүтүн кайтарып берүү үчүн ушул жерге келдим».

№19 Токтогул округунан талапкер болгон Болотбек Дүйшөналиев өз округунан жеңип чыккан талапкер Кундуз Сулайманов тууралуу мындай күмөн ойлору бар.

«Токтогул округунан жакшы деле добуш алган эмес. Жетиген шайлоо участогунан эле АСУ аппараттары бузулуп калып, ошол аппараттар оңдолуп, 600 шайлоочу болсо, 400 шайлоочу менен утту. Андан кийин эле Токтогул ГЭСи, Шамалды-Сай ГЭСи, Күрпсай ГЭСи, ушуга окшогон ГЭСтердин айынан бул инсан административдик ресурсту колдонду. Бул ачык-айкын эле көрүнүп турат. Анткени андагы кызматкерлер ошол күнү толук кандуу иштеп, кечке маал гана чыгышкан. Бул — административдик ресурсту колдонду деген сөз».

28-ноябрдагы шайлоо күнү мыйзам бузуулар боюнча ички иштер органдарына жалпы 70ке жакын арыз келип түшкөн. Бардык маалыматтарга мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлөрүн ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирген.

№21 Талас округунан талапкер болгон Айбек Бузурманкуловдун өкүлү Максат Казакбаев шайлоо учурундагы мыйзам бузуу фактыларын кагаз жүзүндө УКМКга өткөрүп беришкенин айтат. Берилген фактылар боюнча иликтөө жүргүзүүгө күч органдарында толук мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады ал.

«Фактылар бар. Ошол фактылар сиздерге берилди. УКМК башчысы Камчыбек Ташиевден суранат элек, сиздер ошонун баарын дыкат иликтеп көрүңүздөр. УКМК же ИИМдин адамдары иликтейбиз десе, анын баарын иликтеп коюусу мүмкүн. Бизде, талапкерлерде андай мүмкүнчүлүк жок, бирок биз көргөнүбүздү айтып жатабыз». 

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Башмыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык-преференциалдык жол менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келиши керек.

Акыркы жарыяланган маалымат боюнча 5%дык босогодон «Ата-Журт», «Ишеним»,  «Ынтымак»,  «Альянс»,  «Бүтүн Кыргызстан»,  «Ыйман Нуру» партиялары өткөн.

Бир мандаттуу округдар арасында талаш маселе пайда болуп, 10-11-декабрда добуштар кайра саналган. Учурда 27 округдун жыйынтыгы БШКнын сайтына чыгарылды.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM