Биз менен байланышыңыз

Окуучулар гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча сынакка катышууда

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 173 | 0

Кыргызстанда 9-11-класстардын окуучулары арасында «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» аталышында республикалык сынак башталды.

Сынак Кыргызстанда гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулган. Жыйынтыгында окуучулар гендердик зомбулук темасында социалдык роликтерди даярдашты, ал видеотасмалар Youtube платформасында жеткиликтүү.

«Катышуучулардын видеотасмалары аркылуу жаштар гендердик зомбулук көйгөйүн кандай көрүп жатканын жана алар кандай чечимдерди сунуштап жатканын көрө алабыз. Эл аралык эксперттердин пикири боюнча, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам Борбор Азиядагы эң прогрессивдүү мыйзам деп эсептелет. Бирок иш жүзүндө маселенин статистикасы кейиштүү бойдон калууда. Ошондуктан биз гендердик зомбулук көйгөйүн коом кандай кабыл алганын өзгөртүшүбүз керек», — дешти сынактын уюштуруучулары.

Сынак Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Бүгүнкү күндө сынакка 133 команда катышууда, бул Кыргызстандын бардык аймактарынан, анын ичинде Бишкек шаарынан 300дөн ашык окуучу. Жеңүүчүлөргө ноутбук жана телефондор ыйгарылат.

Мектеп окуучулары арасындагы республикалык сынак жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөрүлө турган «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк акцияга» карата уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM