Биз менен байланышыңыз

«Омикрон» штаммынан коргонууга Саламаттыкты сактоо министрлиги даяр

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 2859 | 0

Коронавирустун «Омикрон» штаммынан коргонууга Саламаттыкты сактоо министрлиги толугу менен даяр. Мындай пикирин министр Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын пикиринде, андан коргонуу үчүн чек араларды жабуу керек. Бирок бул мүмкүн эмес.

«Биз бир жер шарында жашайбыз. Кааласак да, каалабасак да «омикрон» келет. Эгер ал келбесин десек, биз чек араларды жабышыбыз керек. Сырткы мамлекеттердин эч кимиси менен байланыш курбашыбыз керек. Бирок андай кылууга экономикалык каатчылык тоскоол. Кандай жол болбосун, ал келет. Мен министр катары айтып коеюн, «дельта» штаммынан өткөндөй эле мындан да чоң жоготууларсыз өтөбүз. Буга Саламаттыкты сактоо министрлиги толугу менен даяр», — деди ал.

Айта кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 инфекциясынын жаңы штаммы «омикрон» пайда болгонун айтып, андан сактанууну эскертип өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM