Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Добуштар кайра санала турган участоктор белгиленди

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 2226 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодо айрым участкалардагы добуштарды кайра саноо жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул тууралуу БШКнын расмий сайты кабарлады. Кайра саноо атайын графиктин негизинде жүрөт.

Добуштарды кайра саноодо саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.

Добуштар кайра санала турган шайлоо тилкелери:

-Ош облусундагы №4 Көк-Жар, №5 Ноокат, №6 Араван, №7 Ош жана №8 Төлөйкөн округдары;

-Жалал-Абад облусундагы №14 Жалал-Абад, №13 Сузак, №19 Токтогул округдары;

-Талас облусундагы №20 Манас, №21 Талас округдары;

-Чүй облусундагы №30 Ысык-Ата округу;

-Нарын облусундагы №32 Кочкор округу;

-Ысык-Көл облусундагы №36 Ысык-Көл округу.

Бул округдарда добуштардын жыйынтыгы 10-11-декабрь күндөрү кайра саналат.

Copyright © 2017 Maral FM