Биз менен байланышыңыз

БШК: Бир канча партия добуштарды кайра эсептетүүдөн баш тартты

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 281 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышкан бир топ саясий партия добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча арызын чакыртып алышканын кабарлады.

9-декабрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 200дөн ашуун шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча арызын кайтарып алган. БШК партия менен 6 шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо маселесин тактап жатат.

7-декабрда БШКнын сайтында шайлоо участкаларында кол менен эсептөөнүн протоколдору 100% жарыялангандан кийин, «Ишеним» жана «Ата Журт-Кыргызстан» партиялары өз арыздарын чакыртып алышкан.

«Ынтымак», «Альянс» жана «Эл үмүтү» партиялары да көпчүлүк шайлоо участкалары боюнча арыздарын кайтарып алышты. «Эл үмүтү» партиясы мурда айтылган 58 шайлоо участкасынын 11инде добуштарды кайра саноо үчүн арыз калтырды.

«Ата Мекен» жана «Социал-демократтар» партияларынын билдирүүлөрү каралып жатат.

Партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлгөн маалыматтарды салыштыруу боюнча көз карандысыз топ кайра саноолорду өткөрүү жана шайлоо участоктору боюнча макулдашуу иштерин улантууда.

«Азаттык» партиясынын өлкөдөгү бардык шайлоо участокторунда толук кайра саноо боюнча талабына негиз жок болгондуктан, добуштарды кайра саноодон баш тартты.

Жалпысынан  буга чейин 600 шайлоо участкасы боюнча кол менен кайра саноого арыздар 8 саясий партиядан түшкөн.

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM