Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөрдү баңгизат сатууга тарткандар аныкталды

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 236 | 0

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңги заттарды таратуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, Кыргызстандагы жашы жете элек балдарга баңгизаттарды таратышкан. Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда — парктар, аянттарда, бак-дарактарда баңгизаттарын катып жүрүшкөн.

Каалаган адам электрондук капчыктар жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен, маңзаттын координаттары тууралуу толук маалымат алышкан.

«Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна, алардын алыскы байланыш каражаттарын жана жашыруун жерлерди колдонуусуна карабастан УКМК органдары кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачууга жетишти», — деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Бул каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары баштоо демилгеленет.

УКМК баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM