8-декабрда Ташкентте «Борбор Азия — Италия» форумунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, биргелешкен иш-чараларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги белгиленди.
Министрлер ушул жылдын 21-ноябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн министрлердин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууну макулдашты.