Биз менен байланышыңыз

Талас облустук милициясынын тергөөчүсү кармалды

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 274 | 0

Талас облустук милициясынын тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Д.Д. опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде (опузалап пара алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас ИИБнин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү кармалды.

Анын С.Б. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылганы аныкталды. 7-декабрда 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM