Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык IT-адистер Кремний өрөөнүнүн эксперттеринин окуусунан өтүштү

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 308 | 0

Эң мыкты кыргызстандык жана Борбор Азиядан IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринин окуусунан өтүштү.

Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы (ПККИКА/КАРПОУ/KSSDA) АКШдан менторлор менен эки жумалык онлайн тренингдин жыйынтыгын чыгарууда. Окутуучулар катары Кремний өрөөнүнүн стартап акселератору болгон US Market Access Center дин (USMAC) негиздөөчүлөрү — Крис Берри, Альфредо Коппола жана алардын командасы чакырылган. Бүгүнкү күндө бул эксперттер 1600дөн ашуун стартаптарга дүйнөлүк рынокко чыгууга жардам беришти. Ал эми Крис Берринин бир долбоордон сатыгы 1,3 млрд. долларга теңелген. Мындан тышкары, менторлор чет элдик өкмөттөргө стартап-коомчулукту бекемдөөгө жардам бергени менен белгилүү.

USMAC окутуу программасынын жыйынтыктары дагы таасирдүү – Грузиядагы бүтүрүүчү тренингдерден соң 50 млн. долларга инвестиция тарткан.

29-ноябрда башталган bootcamp окуусунан кийин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекистандан стартапчылар Кремний өрөөнүнөн инвестиция жана венчур капиталы тармагынын эксперттери менен түздөн-түз таанышып, IT-индустриянын дүйнөлүк тренддерин жана ийгиликтүү бет ачар өткөрүүнү үйрөнүштү, продуктту масштабдоо жөндөмдөрүн алышты.

Жалпысынан эксперттер КАРПОУ долбооруна Борбор Азиядан 16 стартап тандап алган, алардын 12си кыргызстандыктарга таандык.

Долбоордун жабылыш аземинде жалпы презентация, программанын бүтүрүүчүлөрү менен пикир алмашуу, нетворкинг пландалган. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү келиши күтүлүүдө.

Иш-чара 2021-ж. 9-декабрда Ololo ко-воркинг борборунда, Асанбай микр. 27/1 дареги боюнча өтөт. Башталышы 19:15.

ПККИКА Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын долбоору Strategeast жана USMAC менен өнөктөштүктө, АКШнын КРдагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM