Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чолпон-Ата РЭСинин башчысы мыйзамсыз майнинг ферма уюштурган 

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 211 | 0

Бүгүн, 8-декабрда 1976-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаардык электр тармактарынын башчысы И.А.Д.нын жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштурулганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Ысык-Көл райондук сотунун токтомунун негизинде Чолпон-Ата шаары, Ж.Акималиев көчөсү, №1 дарегиндеги үй тинтүүгө алынган. Иштин жүрүшүндө майнинг ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясы уурдалганы ачыкка чыккан.

Белгилей кетсек, И.А.Д. узак убакыт бою Чолпон-Ата шаардык электр тармактарында ар кандай кызматтарда иштеп, 8-декабрдан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал кызматынан кыянат пайдаланып, энергетикага зыян келтирген.

Учурда бул иш боюнча тергөө, зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM