Биз менен байланышыңыз

Майнинг-ферма: Кылмышпы же электр энергиясын экспорттообу?

Экономика | 18 Июл 2019 | 1607 | 0

Жакында эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы криптовалюта (биткойн) боюнча мыйзамсыз ишкердик менен алектенген кылмыштуу топту аныктады. Аталган майнинг-ферма күнү-түнү иштеп, айына 13-14 миллион сомдук электр энергиясын коротуп турган. Бул Бишкектеги бир нече кичирайон колдонгон электр энергиясына барабар. 

Кылмышка шектелген Кытай жана Кыргызстандын жарандары тарабынан компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы Биринчи май райондук салык кызматына катталган. Бирок өздөрүнүн банктык эсебин мыйзамсыз түрдө толтуруп, мамлекеттик бюджетке тиешелүү салыкты төлөбөй келишкен. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысы Анастасия Пискур билдирди.

-Компьютердик ишмердүүлүк менен алектенген Кытай жараны Л. П жана Кыргыз жараны А. А. «Т.Ц.» ишканасын түзүшкөн. «Т.Ц» ишканасы электр энергиясын «Электр станциялары» жана «Улуттук электр тармактары» ишканаларынан «К.Т» ишканасы аркылуу алып турган. Бул ишкана 2018-жылы 21 миллион сом иштеп таап, бирок салык төлөгөн эмес. Ошондой эле, «Т.Ц» ишканасындагы бир канча миң сомдук жабдуулардын тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда бул майнинг-ферманын лицензиясынын мыйзамдуулугу, курулуш боюнча уруксат кагаздары териштирилүүдө. Финпол майнинг-ферма жана дата-борборлорго электр энергиясына кошулууга тыюу салган тапшырманын аткарылышы боюнча маалыматтарды алуу үчүн Улуттук энергохолдингге кат жолдоду.

Майнинг-ферма криптовалюталарды (биткоин) чогултуу менен алектенет. Бул күчтүү видеокарталары бар компьютерлер жана атайын дата-борборлор аркылуу иштейт. Ал компьютерлер электр энергиясын өтө көп талап кылат.

Мындан улам, IT Ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакировго кайрылдык. Ал майнинг-ферма электр энергиясын экспорттоого барабар экенин айтып, жалпы криптовалюта жөнүндө маалымат берди.

— Майнинг-ферма деген электроэнергияны экспорттоого барабар. Ал деген криптовалюта казат. Компаниялар кен казат эмеспи. Ошол сыяктуу эле, криптовалютаны электрондук тармактар аркылуу иштетет. Ал эми криптовалюта  — электрондук валюта же акча десе болот. Бул бир жерде эле эмес, дүйнөнүн бардык бурчуна жеткиликтүү сервер болот. Криптовалюта — келечектин валютасы, акчасы катары эсептелет.

Кыргызстанда криптовалюта менен иштөө боюнча Улуттук банктын эскертүүсү бар, бирок атайын мыйзам жок. Андыктан, майнинг-фермасын түзгөндөрдү кылмыштуу топ деп атоо туура эмес. Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, электр энергиясын керектегендиги үчүн жана салык боюнча гана текшерүү жүргүзүү керек.

— Менимче, майнинг-ферманы иштеткендерди «кылмыштуу топ» деп атоо туура эмес. Каржы полициясы: «Салык төлөбөгөн», — деп жатат. Чынында, биздин мыйзам боюнча кирешеси 8 миллион сомдон ашканда, кошумча нарк салыгы төлөнүшү керек. Эгерде төлөнбөсө, мыйзам бузгандык катары эсептелет. Экинчиден, электр энергиясын керектөө үчүн ай сайын акча төлөнүшү керек. Төлөнбөгөн учурда кылмыш болуп саналат. Кошумчалай кетчү жагдай, Кыргызстанда криптовалюта жөнүндө бир да мыйзам жок. Болгону, Улуттук банктын: «Криптовалюта менен иштөөдө абайлагыла», — деген сыяктуу эскертүүсү бар.

Буга чейин Улуттук банк криптовалютаны колдонуу жогорку тобокелдик экенин айткан. Ошондой эле, сатып алуу-сатуу жана башка товар алмашууда криптовалютаны колдонбоону сунуш кылган.

Ал эми коомдук активист Мирсулжан Намазалиев: «Улуттук банк өнүгүү жолундагы чоң рыноктон баш тартып жатат», — дейт. Анын белгилешинче, Кыргызстанда майнинг-ферманын иштеп жаткандыгы мактоого татый турган жагдай.

— Майнинг — бул, Кыргызстандын ичинде гана колдонулуучу маселе эмес. Булар дүйнөлүк крипторыногунда акча таап жатат. Бирок биздин өлкөнүн ичинде аны таркатып жаткан жери жок. Менин оюмча, Улуттук банк жөндөн-жок коркуп, азыр дүйнөдөгү популярдуу болуп жаткан чоң рыноктон өздөрүн чектеп, баш тартып жатат. Бул акылмандыкка жатпайт. Негизи Кыргызстанда майнинг-ферма иштеп, электр акысын чоң акча менен төлөп берип жатса, бул деген электр энергияны экспорттоо менен барабар. Мындан сырткары, дүйнө жүзүндө алдыңкы технология катары эсептелип жаткан иштердин биздин өлкөдө жасалып жатканы — сүйүнтө турган маселе.

Белгилей кетсек, «Т.Ц.» ЖЧК майнинг-фермасынын өлкөнүн бюджетине келтирген зыяны 183 млн сомду түзгөн. Учурда аталган ишканага берилген лицензиянын мыйзамдуулугу жана уруксат берген тараптар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM