Биз менен байланышыңыз

Криптовалюта: Өкмөт жаңы экономикалык реалдуулукту түшүнөбү?

Күн чекит | 18 Июл 2019 | 382 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы криптовалюта боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн майнинг-ферма аныкталганын билдирди. Бул ишкана өлкөнүн бюджетине 183 млн сом зыян келтирген. Ошол эле учурда бир топ ишкерлер, IT тармагынын адистери криптовалюта менен алектенүү да ишкердиктин бир түрү экенин айтып, мамлекет ага тоскоолдук кылууда деген нааразычылыгын билдиришти.

Биз криптовалюта менен алектенүүнүн келечеги тууралуу саясат талдоочу, Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков менен маек курдук.

Марал: — Өлкөгө 183 млн сом зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды. Бирок коомчулукта майнинг компаниялардын иштөөсүнө тоскоолдук катары баалап жаткандар болууда. Сиздин оюңузда, ушундай компаниялардын легалдуу иш алып барарын мамлекет билбейби? Бул мамлекеттин кемчилигиби?

Даниел Кадырбеков: — Мамлекет бюджетке жана жарандарга, деги эле экономикага зыян келбесин десе, анда бул тармактагы мыйзамдарды иретке келтириши керек. Эгерде Кыргызстанда майнинг компанияларынын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам кабыл алынган эмес болсо, анда эмненин негизинде жогоруда айтылган компания мыйзамсыз иш жүргүзгөн деп жатат? Мыйзамда тыйылбаган нерсенин баары мыйзамдуу болуп эсептелет. Бул — юриспруденциянын логикасы.

Андан сырткары, Финансы полициясы компания жабдыктарын бажы салыктарын төлөбөй алып киргенин айтып жатат. Бул Бажынын күнөөсүбү же ишкерлердикиби, аныкташ керек. Себеби, ишкерлер чыгымды азайтып, кирешени жогорулатууга кызыкдар. Ошондуктан, Бажы кызматы же Салык кызматынын кемчилиги болсо, аны да аныкташ керек. Ишкерлерге доо коюу туура эмес деп ойлойм.

Кыргызстанда майнинг компаниялардын иш жүргүзүүсүн жөнгө салган мыйзам жок. Себеби, криптовалюта бул салттык банк системасынан тышкары, жаңы технологиялар менен келип, өнүгүп жаткан система. Ал эми биздеги мыйзамдар эски болгондуктан, күндө болуп жаткан өнүгүүгө жетише элекпиз.

Марал: — Криптовалюта чыгаруу менен алектенүү ишкердиктин жаңы түрү болуп эсептелет да. Негизи дүйнөдө криптовалютага мамиле кандай? Мисалы, Кыргызстандын Улуттук банкы криптовалютанын чоң тобокелчиликтери бар деп айткан…

Даниел Кадырбеков: — Албетте, криптовалютаны иштеп чыгаруу — бул, ишкердиктин бир түрү. Аны мыйзамдуу түрдө товар саткандай эле, же кызмат көрсөтүү сыяктуу эле кабыл алыш керек. Криптовалютаны иштеткен, ага талап жогору болгон өлкөлөр көп. Бизде деле жарандар, ишкерлер криптовалютаны иштетип киреше тапса, өлкө бюджетине да жакшы болмок. Биздин Улуттук банк: «Криптовалюта акча саясатына каршы келет», — деп айтып жаткан экен, бул жөн гана күнүмдүк технологиядан артта калып, өз милдетин билбегендиги деп эсептейм.

Марал: — Финансы полициясы аныктаган компания электр энергиясын ашыкча колдонгону, салыктан качканы айтылды. Андай болсо көмүскөдө иш алып барган башка компанияларды кантип аныктоо керек? Же мамлекет мындай компанияларга өзүнчө аймак куруп бериши керекпи?

Даниел Кадырбеков: — Мен Финансы полициясынын «Электр энергияны ашыкча колдонуптур» деген сыяктуу дооматтарына түшүнбөй жатам. Бардык нерсе квота же лимит менен берилгидей, биз Түндүк Кореяда жашайбызбы же Советтер Союзундабызбы? Эгер ишкер колдонгон электр энергиясы үчүн тарифтик негизде акчасын төлөсө, ага күнөө коюу туура эмес. Акчасын төлөп, кааласа 20-30, кааласа 100 Мегаватт электр кубатын колдонсун. Буга тескерисинче, биздин өкмөт жана электр энергиясын бөлүштүргөн компаниялар сүйүнүшү керек. Себеби, баары чыгымга учурап отурушат, бюджетти жылына канчалаган миллиард сомдор менен субсидия кылабыз. Ошондуктан, Финансы полициясында, өкмөттө жаңы экономикалык реалдуулукту түшүнбөгөн адамдар отурат деп айтса болот.

Марал: — Негизи эле бул бизнестин пайда жана тобокелчиликтери тууралуу эмне билесиз?

Даниел Кадырбеков: — Криптовалютанын монополисттер үчүн гана тобокелчилиги бар. Мисалы, чоң финасы компаниялары — Goldman Sachs, JPMorgan, Deutsche Bank же Япониядагы Mitsubishi банкы – булар салттык финансылык банк системасы менен иштейт. Мындай чоң монополисттер үчүн криптовалюта кандайдыр бир деңгээлде коркунуч көрсөтөт. Себеби, криптовалюта төлөмдөрдү жана финансы системасын демократиялаштыруунун бир жолу. Анткени, жарандар монополисттердин кызмат көрсөтүүсүнө байланбай, акчасын либералдык жол менен эле төлөм катары пайдалана алат.

Ошондуктан, ишкерлер үчүн криптовалютанын коркунучу жок деп эсептейм. Ошол эле учурда, чоң финансы институттары тарабынан каршы чыккандар да көп. Мисалы, Японияда 150дөн ашык компания криптовалюта боюнча иш жүргүзүү үчүн лицензия алууга кызыкдар болуп, офис ачышып, блокчейн системасын өнүктүрүп, глобалдык деңгээлде иштеткен чоң-чоң компаниялар инвестиция кылып жатышканын билем. Андыктан, биздин мамлекетте да криптовалютанын эч кандай коркунучу жок.

Copyright © 2017 Maral FM