Биз менен байланышыңыз

Жаш балдарды окуткан «Хизб-ут-Тахрирдин» мүчөсү кармалды (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 215 | 0

Жаш балдарга «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын окуткан эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү менен катталган кылмыш иштин жана Биринчи Май райондук сотунун санкциясынын негизинде кылмышка шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада диний уюмдун жамааты «масула» деп атаган 1997-жылы туулган М.А.нын үйүнөн көп сандагы диний экстремисттик адабияттар, конспектилер, электрондук китептер, 9 уюлдук телефон табылган.

Ушул эле уюмдун дагы бир мүчөсү 1994-жылы туулган Т.у.Б.нын үйүнөн жана иштеген жеринен 1 ноутбук, 4 флешка, теократиялык мамлекеттин Конституциясы жазылган «Халифат» брошюрасы, 1 күндөлүк алынган.

Ошондой эле «мигранттардын балдарына араб тилин үйрөтөбүз» деген шылтоо менен М.А.нын үйүнө билим берүү уюштурушканы аныкталды. Окутуу интернет аркылуу да жүргүзүлүп, «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун «Ислам мамлекети», «Ислам системасы», «Партиянын биримдиги», «Исламдагы башкаруу системасы», «Ислам дининин түзүлүшү», «Хизб-ут-Тахрирдин концепциясы», «Исламдагы экономикалык түзүм», «Исламдагы коомдук түзүм», «Исламдык нафсия негиздери» электрондук китептери балдардын телефонуна таркатылган.

Учурда М.А. камакка алынып, тергөө жүрүп жатат. Ал эми балдар камкордук жана көзөмөл органдарынын текшерүүсүнөн кийин туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM