Биз менен байланышыңыз

Пандемияга карабай, дүйнөдөгү курал-жарак соодасынын көлөмү өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 453 | 0

Дүйнөдөгү курал-жарак өндүрүүчү топ-100 компания былтыр 531 млрд доллар пайда тапкан.

Өткөн жылы башталган пандемия дүйнөдөгү курал-жарак базарына эч кандай таасир берген жок. Тескерисинче, дүйнөдөгү курал-жарак сатуунун көлөмү 1,3%га арткан. Бул тууралуу Стокгольмда жайгашкан тынчтык көйгөйлөрүн изилдөө институту (SIPRI) жарыялады.

Маалыматта айрым өлкөлөрдө курал сатуунун көлөмү ашкан. Дүйнөдөгү курал-жарак өндүрүүчү топ-100 компания былтыр 531 млрд доллар пайда тапкан.

Эң көп курал-жарак саткан өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Өлкөдөгү 41 компания жалпы 285 млрд долларлык курал саткан. Бул глобалдык сооданын 54%ын түзөт.

Экинчи орунду Кытайдын курал-жарак өндүрүүчү компаниялары ээледи. Кытайдын беш компаниясы 66,8 млрд долларлык курал сатып, дүйнөлүк рыноктун 13%ын ээлеген. Курал соодасынын дүйнөдөгү 21%ы (109 млрд доллар) Европага туура келет. Ал эми Орусиядагы курал өндүрүүчү компаниялар өткөн жылы 28,2 млрд доларлык курал-жарак саткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM