Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 131 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиз Кыргызстандын Президенти кызматына киришкен учурдан тартып кытай-кыргыз мамилелери өнүгүүнүн жагымдуу тенденциясын сактап, түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуубуз жаңы натыйжаларга жетишти. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө, мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий өз ара ишенимди тереңдетүү, «Бир алкак — бир жол» демилгесин биргелешип курууну алга жылдырууну тездетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жетишүүгө өзгөчө көңүл бурам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бардык иштеринде ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM