Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту.
Анда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга жумушчу сапарын уюштуруу маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.
Казак элчиси Рапиль Жошыбаев белгилегендей, Акылбек Жапаровдун жумушчу сапарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында казак инвестицияларын тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.