Биз менен байланышыңыз

Президенттин сайты: Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалууда

Кыска кабар , Экономика | 4 Дек 2021 | 2257 | 1

Кыргызстанда уланып жаткан коронавирус пандемиясына карабастан, өлкө акыркы эки жылда биринчи жолу оң экономикалык өсүшкө жетишти. Мындай маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

2021-жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 556,6 млрд сом болуп, реалдуу өсүү темпи 101,6%ды түзгөн. 2020-жылдын январь-октябрында ал көрсөткүч 92,7% болгон.

«Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгында экономиканын өсүү темпин 3%га чейин камсыз кылуу пландалууда. Бул Кыргызстандын кризистен акырындап чыгып баратканын жана экономиканын калыбына келе баштаганын билдирет» , — деп айтылат маалыматта.

2022-жылы көмүскө экономикадан мамлекеттик бюджетке кошумча каражаттарды тартып, салыктык жана бажылык башкарууну жакшыртуу менен өлкөнүн консолидацияланган бюджетин 400 миллиард сомго чейин чыгаруу пландалууда.

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн беш жылдык планы түзүлүүдө

Ал үчүн Министрлер кабинети ИДПнын жогорку экономикалык өсүү темпин 7%га чейин чыгаруу, экономиканы түзүмдүк жактан өзгөртүү, жашыл экономиканы жайылтуу, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, көмүскө экономиканы кыскартуу, экономиканын курулуш тармагын жандандыруу, ири инвестициялык долбоорлорду ж.б. ишке ашырууга багытталган Кыргызстанды өнүктүрүүнүн беш жылдык планын түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Бюджеттин кирешеси өстү

Ал эми республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрү боюнча алдын ала маалыматтарга караганда, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 162 млрд сомду түзгөн.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу быйыл бюджеттин жалпы кирешеси 46,8 млрд сомго өскөн.

Мындай көрсөткүчкө салыктык башкарууну жакшыртуу, санарип технологиясын киргизүү таасир эткен.

Быйыл топтолгон салыктын көлөмү 118,8 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу кирешелер 37,3 млрд сомго көбөйгөн. Анын ичинен:

Мамлекеттик салык кызматы боюнча — 77,4 млрд сом. Өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 21,8 млрд сомго көбөйгөн;

Мамлекеттик бажы кызматы боюнча — 41,4 млрд сом. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги деңгээлге салыштырмалуу 15,9 млрд сомго көбөйгөн.

Салыктык эмес кирешелер 36,5 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын деңгээлине салыштырмалу салыктык эмес кирешелер 11,1 млрд сомго көбөйгөн.

Республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 161,6 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгашасы 25,7 млрд сомго көбөйдү.

Жалпысынан республикалык бюджет, жалпы кирешелер жана жалпы чыгашаларды эске алганда 334 млн сом профицит менен аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилинде таңкыстык 17 млрд сом деңгээлинде болгон.

Келерки жылы айрым жөлөк пулдар 200%га көбөйөт

2021-жылдын 1-октябрынан тарта жөлөк пулдардын өлчөмү 50%, ал эми 2022-жылдан тарта 100%, айрым жөлөк пулдар 200%га көбөйөт.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чегарасындагы окуялардын натыйжасындагы калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы көбөйтүлдү.

Чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында мамлекеттик «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК банктарынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн кошумча 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн көп жылдардан бери биринчи жолу республика өз каражаттарынын эсебинен заманбап аскердик техникаларды сатып алды, аскер кызматчыларынын эмгек акысы жогорулады.

2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бюджеттен 2,9 миллиард сом бөлүндү.

Мындан сырткары, өлкө жетекчилиги 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыз болгон жарандардын категориялары үчүн электр энергиясына тарифтерди киловатт-саатына 50 тыйындан белгилөө чечимин кабыл алды.

Муну менен мамлекет бардык социалдык маанилүү чыгымдарды, анын ичинде эмгек акыны, жөлөк пулдарды жана пенсияларды толук көлөмдө каржылады.

1 пикир

1 пикир

  1. Гулмира

    04.12.2021 23:56

    Биз Садыр Жапаровту колдойбуз ИншаАллах АЛЛАХЫМ ОМУРУНУН АКЫРЫНА ЧЕЙИН ОЗ ПААНАХЫНДА АСЫРАСЫН ЕЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛГАН ДУШМАНДАРГА ТИКЕ ТУРГАН ПРЕЗИДЕНТ БОЛСУН 🤲🤲🤲

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM