Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Текебаевге кол салган кылмышкерлер табылды, жазасын алышат

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 4350 | 0

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу кылмыш болуп эсептелет, биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек. Кылмышкерлер табылды, жазасын алышат. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Медиа-центр» маалымат агенттигине билдирген.

Камчыбек Ташиев шайлоо боюнча да пикирин билдирип, олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун айткан.

«Айрым элдин добушун сатып алам дегендер чыгып жатты, бирок аларды дароо мыйзам негизинде жоопко тартып турдук. Буюрса, шайлоонун таза жана ачык өтүүүсү камсыздалып, эл тандаган талапкерлер шайланып келишти, а биз укук коргоо органдары мыйзамдуулугун камсыз кылып бердик», — деп айткан Ташиев.

Ташиев ошондой эле саясатчылардын пикири боюнча жооп берип, кыйкырып чыккан ар бирине эле жооп берүү майдаланып кетүүгө алып барарын, алар убагы келгенде туура эмес маалымат таратканы үчүн жооп бере турганын айткан.

УКМКнын төрагасы акыркы 3-4 күндө чек арадагы абал татаалдаша баштаганын, көптөгөн кооптонуулар пайда болгондугун айтып, кечээ эки тараптуу сүйлөшүү Көк-Ташта түнкү 12:00-01:00дө аяктаганын кошумчалаган.

Анын айтымында, учурда чек арадагы абал көзөмөлдө.

Copyright © 2017 Maral FM