Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 10 миң 555 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Алардын ичинен 6 миң 44 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 511 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 116 миң 666 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 897 миң 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.
Ошондой эле Кыргызстанга коронавируска каршы «Модерна» вакцинасынын 115 миң 200 дозасы алып келинди.