Биз менен байланышыңыз

«Улуттар биримдиги» шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыкты

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 965 | 0

«Улуттар биримдиги» саясий партиясы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыкты. Бул  тууралуу партиянын лидери Мелис Мырзакматов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

— Саат 20:46га карата «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына 47074 добуш берилген. Ал арада БШКнын сервери иштебей калган. Саат 21:20да «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына берилген добуштардын саны 29387ге түшүп калды. Биз мындай жыйынтыкка каршыбыз жана нааразычылык билдиребиз, — деп жазылган.

Эскерте кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча «Улуттар биримдиги» партиясы 2,41% добушка ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM